Колумбияда эки кеме сүзүштү
Кырсыкка байланыштуу тергөө иштери башталды.
1575724
Колумбиянын түштүк-батышындагы Тынч океандын жээктеринде жүргүнчү ташыган 2 кеме кагышып 7си бала 14 адам каза болду.
Колумбиянын басма сөзүнүн билдиргенине караганда, Нарино административдик районуна караштуу порт шаары Тумакодон кетип бара жаткан 2 кеме сүзүштү.
Кырсыктан кийин 7си бала 14 адамдын сөөгү табылса, 36 кишини балыкчылар жана аймактын жашоочулары куткарып калышты.
Аймактагы издөө-куткаруу иштерин Жээк күзөт топторунан тышкары учактар жана тик учактар да коштоп жүрүшөт.
Кемелерде канча адамдын болгондугу жана кемелердин эмне себептен кырсыкка учурагандыгы боюнча расмий билдирүү жасалган жок.
Кырсыкка байланыштуу тергөө иштери башталды.