Кытай космоско "аралыктан байкоочу спутниктерин" учурду

Учуруу иштеринен кийин спутниктер мурда пландаштырылган орбиталарына кирди.

1573584
Кытай космоско "аралыктан байкоочу спутниктерин" учурду

Кытай космоско "аралыктан байкоочу спутниктерин" жөнөттү.

Синьхуа агенттигинин маалыматына караганда, 3 "Яоган-31" спутнигинен турган жана ушул сериядагы экинчи топ экени айтылган спутниктер, өлкөнүн Гансу провинциясындагы Цичуэн спутник учуруу борборунан Long March 4C ракетасы менен космоско жөнөтүлдү.

Учуруу иштеринен кийин спутниктер мурда пландаштырылган орбиталарына кирди.

Бул спутниктер электромагниттик айлана-чөйрөнү байкоо жана айрым технологияларды сыноо үчүн колдонулат.

Учуруу, Long March сериясынын 359-миссиясы болуп калды.

Кытай биринчи Yaogan-31 спутник тобун 2018-жылы космоско учурган болчу.



Тектеш кабарлар