Россиянын президенти В. Путин Жаңы STARTты узартуу чечимин Думага сунуш кылды
2011 – жылы 5 - февралда ишке кирген 10 жылдык келишимдин мөөнөтү 2021 - жылы февраль айында акырына чыгат.
Россиянын президенти В. Путин Жаңы Стратегиялык Куралдардын Азайтылышы Келишими Жаңы STARTтын узартылышына карата чечимди орус парламентинин астыңкы канаты Думанын бекитүүсүнө сунуштады.
Думанын интернет сайтында орун алган маалыматка караганда Путин бекитүү үчүн сунуш кылган чечимде Жаңы Стратегиялык Куралдардын Азайтылышы Келишиминин 2026 - жыл 5 - февралга чейин дагы беш жылга узартылышы сунуш кылынган.
Кечээ Кремлден берилген маалыматта Путиндин АКШнын президенти Жо Байден менен сүйлөшүүсүндө эки тараптын Жаңы Стратегиялык Куралдардын Азайтылышы Келишиминин узартылышы темасын карап чыгышкандары билдирилди.
АКШнын Советтик Россия менен 1991 – жылы жана Россия федерациясы менен 1993 - жылы кол койгон Стратегиялык Куралдардын Азайтылышы Келишиминин уландысы мүнөзүндөрү "New START" келишими Вашингтон менен Москванын ортосундагы акыркы өзөктүк келишим мүнөзүндө. Келишим узун аралыктуу өзөктүк курал дүрмөттөрүнө жана ракеталарга чектөө алып келүүдө.
2011 – жылы 5 - февралда ишке кирген 10 жылдык келишимдин мөөнөтү 2021 - жылы февраль айында акырына чыгат.