Түштүк Африка Ковид-19 вакцинасына Европадан 2,5 эсе көп акча төлөйт

Бай өкмөттөр менен коронавируска каршы вакцина өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы эки тараптуу келишимдер, аз жана орто кирешелүү өлкөлөр үчүн баалардын жогорулашына байланыштуу тынчсызданууларды жаратты.

1569380
Түштүк Африка Ковид-19 вакцинасына Европадан 2,5 эсе көп акча төлөйт

Түштүк Африка, коронавирустун (Ковид-19) вакцинасына Европадан 2,5 эсе көп акча төлөйт.

Түштүк Африка, Оксфорд-AstraZeneca вакцинасынын ар бир дозасы үчүн 5,25 доллар төлөйт. Европа Биримдиги өлкөлөрү болсо ушул эле вакцинага 2,16 доллар төлөшөт.

Африка континентинде вирустан эң көп жабыр тарткан Түштүк Африка, Индиянын Serum институтунан кеминде 1,5 миллион вакцина сурады.

Бейшемби күнү бир саламаттык сактоо кызматкери бул дозалардын ар биринин 5,25 доллардан турарын билдирди. Бул да көпчүлүк Европа өлкөлөрү төлөгөн суммадан болжол менен 2,5 эсесине туура келет.

Бай өкмөттөр менен коронавируска каршы вакцина өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы эки тараптуу келишимдер, аз жана орто кирешелүү өлкөлөр үчүн баалардын жогорулашына байланыштуу тынчсызданууларды жаратты.



Тектеш кабарлар