Индонезияда кырсыкка учураган учак тууралуу иштер акырына чыкты

Индонезиянын транспорт министри Буди Каря Сумади учак кулаган аймакта издөө иштерин аякташкандарын айтты.

1568816
Индонезияда кырсыкка учураган учак тууралуу иштер акырына чыкты
endonezya ucak denize cicek.jpg

Индонезияда 9 -  январда жүргүнчү учагынын кырсыкка учурашы менен каза болгон кишилердин дене бөлүктөрү менен урандыларды изилдөө иштеринин акырына чыкканы билдирилди.

Индонезиянын транспорт министри Буди Каря Сумади учак кулаган аймакта издөө иштерин аякташкандарын айтты.

Улуттук издөө жана куткаруу агенттигинин башчысы Багус Пурухито издөө учурунда дене бөлүктөрү салынган баштыктардын саны 324кө жеткендигин жана ушул кезге чейин каза болгон жүргүнчүлөрдүн 43нүн күбөлүгүнүн аныкталгандыгын билдирди.

Пурухито деңизде жана жээкте учактардын калдыктары же дене бөлүктөрү табыла турган болсо  тиешелүү топтордун иликтөөнү улантарын баса белгиледи.

Ошол эле учурда кырсыкта каза болгондордун элесине учак кырсыкка учураган аймакта деңизге гүлдөр ташталды жана дуа кылынды.

Эскерүүгө Улуттук изилдөө куткаруу агенттигинин төрагасы Пурухито менен түрдүү мекемелерден жогорку мартабалуу жетекчилер менен кырсыкта каза болгондордун жакындары катышты.

9 - январда 50 жүргүнчү жана 12 экипаж менен учкандан көп өтпөй байланыш үзүлгөн Boeing 737-500 тибиндеги жүргүнчү ташуучу учак борбор шаар Жакартанын түндүк тарабында Лаки жана  Лансанг аралынын ортосунда кырсыкка учураган.



Тектеш кабарлар