Орусия Су-57ни өлкөнүн түштүгүнө жайгаштырды
Орусиянын Өнөр жай министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылдын аягына чейин 22 даана Су-57 учагы орус армиясына тапшырылат.
Орусия тарабынан чыгарылган биринчи Су-57 согуштук учагы өлкөнүн түштүгүнө жайгаштырылды.
Орусиянын Хабаровск шаарынын администрациясы жасаган билдирүүдө, шаардагы Комсомольск-на-Амуре авиация заводунда чыгарылган биринчи сериялуу Су-57нин орус армиясына жеткирилгени маалымдалды.
Учактын өлкөнүн Кара деңиз жана Каспий деңизинин чек арасындагы Түштүк аскердик округундагы бөлүккө жеткирилгендиги кабарланган билдирүүдө: «Жылдын аягына чейин 5-муундагы 5 даана Су-57 учагы Комсомольск-на-Амуре тарабынан орус армиясына тапшырылат» делди.
Билдирүүдө, учак жайгашкан шаар тууралуу маалымат бөлүшүлгөн жок.
Орусиянын Өнөр жай министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылдын аягына чейин 22 даана Су-57 учагы орус армиясына тапшырылат.
Орусия Федерациясынын Аба күчтөрү үчүн 5-муундагы согуштук учак катары иштелип чыккан Су-57; учуу аралыгы, ылдамдыгы жана маневрлүүлүгү жагынан F-35тен жогору турат.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.