Трамп: «Башка жол менен кайтып келебиз»

Трамп үй-бүлөсү жана аны коштогон делегация менен Мэриленддеги Эндрюс авиабазасынан Флоридага жөнөп кетет.

1567707
Трамп: «Башка жол менен кайтып келебиз»

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Президенттигин Жо Байденге өткөрүп бере турган Дональд Трамп Ак үйдөн кетти.

Трамп үй-бүлөсү жана аны коштогон делегация менен Мэриленддеги Эндрюс авиабазасынан президенттиктин учагы менен Флоридага жөнөп кетет.

Трамп учуудан мурун жарыялаган билдирүүсүндө: «Сиздин президентиңиз болуу мен үчүн чоң сыймык болду, мен ар дайым сиз үчүн күрөшөм»,-деди.

«Жаңы жетекчиликке шанс жана ийгилик каалайм. Алар абдан ийгиликтүү болот деп ойлойм» деген Трамп: «Башка жол менен кайтып келебиз»,- деп айтты.

Трамп Жо Байдендин инаугурациясына катышпай АКШда дагы бир салтка баш ийбеген болот.

Жо Байден, жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө (Түркия убактысы боюнча 20:00дө) борбор шаар Вашингтондо катуу коопсуздук чаралары астында ант берет.



Тектеш кабарлар