Миланда сыртта тамеки тартууга тыюу салынды

Италия жана Европада абасы эң көп булганган шаарлардын бири Миланда бул тыюу салуу чечими булганууну азайтуу жана калктын ден-соолугун коргоо максатында кабыл алынды.

1567620
Миланда сыртта тамеки тартууга тыюу салынды

Италиянын Милан шаарында сыртта тамеки тартууга тыюу салынды.

Милан мэриясынын чечимине караганда, коомдук парктарда жана бакчаларда, балдардын оюн аянтчаларында, мүрзөлөрдө, стадиондордо жана аялдамаларда 10 метр аралыкта башка адамдар бар болгон болсо тамеки тартууга тыюу салынат.

Тыюуну бузгандарга 240 еврого чейин айып пул салынат.

Италия жана Европада абасы эң көп булганган шаарлардын бири Миланда бул тыюу салуу чечими булганууну азайтуу жана калктын ден-соолугун коргоо максатында кабыл алынды.

Тамеки тартууга тыюу салуунун чөйрөсүнүн жакынкы жылдарда дагы да кеңейтилиши жана 2025-жылга чейин шаарда тамеки тартууга таптакыр тыюу салынышы максатталууда.

Келерки жылы да фейерверк жана барбекюге тыюу салынганы сыяктуу чара көрүүлөрдүн күчүнө кириши пландалууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча Италиянын Милан, Турин жана Неаполь шаарлары Европа Биримдигинде (абанын булганышына жана өпкөгө зыян келтирүүчү) PM10 бөлүкчөлөрү эң көп катталган шаарлардын катарына кирет.



Тектеш кабарлар