Европа Биримдиги Түркияга байланыштуу билдирүү жасады

Боррелль, Түркия-ЕБ карым-катнаштары жана Чавушоглу менен өткөрө турган жыйын жөнүндө төмөнкүлөрдү билдирди:

1567444
Европа Биримдиги Түркияга байланыштуу билдирүү жасады

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелль, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарына байланыштуу өткөрө турган сүйлөшүүдө, динамикаларды өзгөртө ала тургандарын айтты.

Боррелль Европа Парламенттин жалпы жыйынында "биргелешкен тышкы иштер жана коргонуу саясаты" жөнүндө депутаттарга маалымат берди.

Чавушоглу менен 21-январда жолугуша турган Боррелль: «Көпкө созулган жыйын өткөрөбүз. Жакшыраак түшүнүк табууга аракет кылабыз»,-деди.

ЕБ лидерлеринин 10-декабрдагы саммитинде Түркия менен жакшы коңшулук үчүн ачык белги бергендерин баса белгилеген Боррелль: «Бул үчүн эки тараптын тең күч-аракеттери керек»,-деп айтты.

Боррелль, Түркия-ЕБ карым-катнаштары жана Чавушоглу менен өткөрө турган жыйын жөнүндө төмөнкүлөрдү билдирди:

«Учурдагы шарт өткөн жайга караганда жакшыраак. Менин Чавушоглу менен жолугушуумдун август айында Мальтада өткөрүлгөн бир саатка жетпеген жыйындан узакка созулат деп үмүттөнөм. Динамикаларды өзгөртө алабызбы же жокпу көрөбүз. Мен аны өзгөртө алабыз деп ишенем»,-деди.

Чавушоглу 20-22-январь күндөрү Брюсселге сапары учурунда Борреллден тышкары ЕБ Кеңеши жана ЕБ Комиссиясынын жооптуу кызматкерлери менен жолугушат. Чавушоглу ошондой эле Бельгиянын тышкы иштер министри Софи Вилмес жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен да өз өзүнчө жолугушууларды өткөрөт.



Тектеш кабарлар