АКШда Конгресс имаратынын жанында өрт чыккандыктан эл дүрбөлөңгө түштү
20-январь (эртең) шаршемби күнү шайланган президент Жо Байдендин инаугурация салтанатына карата өзгөчө коопсуздук чаралары көрүлгөн Вашингтондо,Конгресстин имаратынын жанындагы өрт дүрбөлөңгө салды.
Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Конгресстин имаратынын жанындагы өрт кыска убакытка дүрбөлөңгө салды.
20-январь (эртең) шаршемби күнү шайланган президент Жо Байдендин инаугурация салтанатына карата өзгөчө коопсуздук чаралары көрүлгөн Вашингтондо,Конгресстин имаратынын жанындагы өрт дүрбөлөңгө салды.
Конгресстин жанында түтүн чыга баштаган соң, шаарчага кирүү жана чыгуу токтотулду.
Байдендин ант берүү аземинин даярдыгы дагы үзгүлтүккө учурады.
Түтүн Конгресстин шаарчасына жакын жерде селсаяктар турган аймакта чатырлар күйгөндө чыккан өрттөн улам келип чыккандыгы түшүнүктүү болгондон кийин кырдаал калыбына келди.
Башка жагынан алганда, АКШнын Коргоо министринин милдетин аткаруучу Кристофер Миллер, Байдендин ант берүү аземи үчүн Вашингтондо 25 миң толук жабдылган Улуттук Гвардиянын жоокерлери коопсуздук текшерүүсүнөн өткөрүлө тургандыгын жарыялады.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.