Гутерриш өлкөлөрдү ашыкча вакциналарды бөлүшүүгө чакырды

Гутерриш Ковид-19дан каза болгондун саны 2 миллиондон ашкандан кийин жарыялаган видео кайрылуусунда, жоготуулардын "жүрөктү өйүгөн бурулуш чекитке" жеткенин белгиледи.

1564718
Гутерриш өлкөлөрдү ашыкча вакциналарды бөлүшүүгө чакырды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антонио Гутерриш өлкөлөрдү коронавирустук (Ковид-19) вакциналардын ашыкчасын бөлүшүүгө чакырды.

Гутерриш Ковид-19дан каза болгондун саны 2 миллиондон ашкандан кийин жарыялаган видео кайрылуусунда, жоготуулардын "жүрөктү өйүгөн бурулуш чекитке" жеткенин белгиледи.

Бул таң калтырган сандардын артында ысымдар, жүздөр жана дасторкондо эч качан болбой турган бош отургучтар калганын айткан Гутерриш, пандемияга каршы глобалдык деңгээлде координацияланган иш-аракеттердин жоктугун сынга алып, каза болгон эки миллион адамдын элесине өлкөлөрдү көбүрөөк тилектештикке чакырды.

Эмдөөдө да боштук бар экендигин белгилеген Гутерриш: «Вакцина жогорку кирешелүү өлкөлөргө тездик менен жетип жаткан чакта, дүйнөдөгү жакыр адамдарга эч нерсе жок. Илим ийгиликке жетишти, бирок тилектештик ийгиликсиз болду. Айрым өлкөлөр кошумча келишимдерди издеп жатышат же муктаждыктан ашыкча камсыздап жатышат. Өкмөттөр өз элин коргоого милдеттүү бирок вакцинанын улутчулдугу ийгиликсиздикке алып келип, глобалдык калыбына келүүнү кечеңдетүүдө. Өлкөлөрдүн ашыкча доза вакциналарды бөлүшүүсүнө муктажбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар