Дональд Трамп : "Согуштарды акырына чыгаруу убадамда турамын"
АКШнын президенти Дональд Трамп чексиз согуштарды акырына чыгаруу убадасында ар дайым турарын белгиледи.
1564229
АКШнын президенти Дональд Трамп чексиз согуштарды акырына чыгаруу убадасында ар дайым турарын белгиледи.
Трамп Ак үйдөн жарыялаган жазуу түрүндөгү маалыматында : «Афганистандагы АКШ аскерлеринин саны 19 жылдын эң төмөнкү деңгээлинде. Ошондой эле Ирак жана Сириядагы аскер саны да эң төмөнкү сандарда. Ар дайым чексиз согуштарды акырына чыгаруу убадамда турамын»,- деди.
Кызмат мөөнөтү боюнча форма кийген аскерлерге колдоо берүүдөн сыймыктангандыгын баса белгилеген Трамп ушул күнгө чейин аскердик тармакта 2,5 триллион доллар жумшалгандыгын айтты.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.