Байдендин инаугурация аземинде Леди Гага менен Женнифер Лопес концерт тартуулашат
Ант берүү аземи, коронавирус пандемиясы жана 6-январдагы окуяларга байланыштуу чектелген адамдардын катышуусунда өтөт.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти болуп шайланган Жо Байдендин 20-январдагы инаугурация аземинде Леди Гага менен Женнифер Лопес концерт коюшат.
Леди Гага АКШнын гимнин ырдай турган аземде Женнифер Лопес да концерт берет.
Ант берүү аземи, коронавирус пандемиясы жана 6-январда АКШ Конгрессинде болгон окуяларга байланыштуу чектелген адамдардын катышуусунда өтөт.
Америкалык актёр Том Хэнкс алып баруучу боло турган инаугурация аземинде Жон Бон Жови, Жастин Тимберлейк жана Деми Ловато да концерт тартуулашат.
Коопсуздук чаралары эң жогорку деңгээлге көтөрүлгөн борбор шаар Вашингтондо ант берүү аземи өтө турган күнү 20 миң улуттук гвардия кызмат кылат.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.