СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирустун жайылуусу уланып жатат.

1561762
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
covid SPR.jpg
super covid19.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 952 миң 985тен ашты. Илдетке чалдыккандардын саны 91 миллион 322 миңге, ал эми айыгып кеткендердин саны 65 миллион 317 миңге жетти.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) вирустан көз жумган адамдардын саны 385 миң 249ду түздү. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 23 миллион 143 миң 197 деп катталды. АКШнын президенти болуп шайланган Жо Байден Ковид-19 вакцинасынын экинчи дозасын сайдырды. Байден вакцинанын коопсуз экендигин көрсөтүү үчүн 21-декабрда биринчи дозасын түз эфирде алган болчу. Ушул кезге чейин өлкөдө 9 миллионго жакын адам Ковид-19 эмдөөсүнөн өттү.

Британияда пандемиянын айынан акыркы 24 сааттын ичинде 529 адам каза болуп, вирус 46 миң 169 кишиден табылды. Бул көрсөткүчтөр менен өлкөдөгү Ковид-19дан каза тапкандардын саны 81 миң 960ка, ооруга кабылгандардын саны 3 миллион 118 миң 518ге жетти.

Францияда Ковид-19 пандемиясында акыркы 24 саатта 310 адам көз жумуп вирустун айынан каза болгондордун саны 68 ​​миң 60ка жетти. Ушул эле мезгилде өлкөдө 3 миң 582 жаңы учур аныкталган өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 786 миң 838ди түздү. Францияда ушул убакка чейин 138 миң 351 адам Ковид-19 эмдөөсүнөн өттү.

Испанияда Ковид-19дан акыркы 3 күндө 401 кишинин каза болушу менен адамдардын өлүмү 52 миң 275ке жетти. Ошол эле мезгилде 61 миң 422 жаңы учур катталып, ооруну жуктургандардын саны 2 миллион 111 миң 782ни түздү. Акыркы эки жумада өлкөдө жаңы учурлардын санынын өсүшү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кошумча чараларды жарыялай баштады.

Португалиянын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы сутканын ичинде 122 адамдын каза болгонун жана Ковид-19дун айынан 5 миң 604 жаңы учур катталганын кабарлады. Өлкөдө вирустан каза тапкандардын саны 7 миң 925ке, ал эми ооруга чалдыккандардын саны 489 миң 293кө жогорулады.

Пандемияда 31 миң 264 адам каза болуп, 1 миллион 390 миң 385 адам ооруну жуктурган Польшада Ковид-19га каршы колдонулган чараларды 31-январга чейин узартуу чечими кабыл алынды.

Түштүк Америка өлкөсү Эквадордо вирустан каза болгондордун саны 14 миң 184кө жетти. Өлкөдө жуктургандардын саны 221 миң 506га жогорулады. Эквадордо Британияда пайда болгон Kovid-19дун ылдам жайылган түрү табылды.

Колумбияда ушул кезге чейин Ковид-19дун айынан 46 миң 114 адам каза болду. Өлкөдө 1 миллион 786 миң 900 адамга Ковид-19 жукту.

Канадада Ковид-19дан улам акыркы 5 күндө каза болгон адамдардын саны 724кө көбөйүп жалпы 17 миң 41 деп катталды. Өлкөдө Ковид-19 бейтаптарынын саны ушул эле мезгилде 41 миң 514кө көбөйүп 666 миң 67ге жетти.

Айрым берки өлкөлөрдө Ковид-19дан каза болгондордун саны төмөнкүчө:

"Бразилия (203 миң 614), Мексика (134 миң 368), Аргентина (44 миң 654), Германия (42 миң 97), Перу (38 миң 335), Бельгия (20 миң 122), Украина (19 миң 835), Чили (17 миң 162), Румыния (16 миң 725), Чехия (13 миң 272), Нидерландия (12 миң 411), Венгрия (10 миң 725).



Тектеш кабарлар