БУУ Чыгыш Африка өлкөлөрүн чегирткелерге каршы эскертти
Чегирткенин үйүрү күн сайын 150 чакырым жол жүрө алат.
БУУнун тамак - аш жана айыл - чарба уюму FOA Африканын чыгышында чөл чегирткелеринин кайрадан басып алуу ыктымалы тууралуу эскертти.
ФОАнын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жетиле элек чегирткелердин Эфиопиянын, Кениянын жана Сомалинин ар кайсы аймактарында жайыла баштагандыгы жана ушул айда Түштүк Судан, Танзания менен Угандага барышы мүмкүн экени белгиленди.
Чегирткелердин көбөйүшүн көзөмөлдөө жана алдын алуу үчүн өлкөлөргө чакыруу салынган билдирүүдө, Кызыл деңиздин аркы өйүзүндө өөрчүүнү улантып жаткандыгы баса белгиленди.
Тамак - аш коопсуздугуна коркунуч туудурган чегирткелер өткөн жылы аймакта жүз миңдеген гектардык дыйканчылык аянтка зыянын тийгизген.
Бир километр квадраттык аянтта орун алган 40 - 80 миллион чегиртке бир күндө эле 35 миң адамга жетиштүү азык-түлүктү жей алат.
Чегирткенин үйүрү күн сайын 150 чакырым жол жүрө алат.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.