Ковид - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

Жалпы дүйнөдө Ковид  - 19дан улам каза болгондордун саны  1 миллион 944 940 болду.

1561218
Ковид  - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

Жалпы дүйнөдө Ковид  - 19дан улам каза болгондордун саны  1 миллион 944 940 болду. Бейтап саны 90 миллион 783 000ден, айыккандардын саны 64 миллион 919  000ден ашты.

Индияда  акыркы бир күндө Ковид  - 19дан 1610 кишинин каза болушу менен жалпы каза болгондордун саны 151 198 болду. Ошол эле убакта өлкөдө 16 311 жаңы учур катталып, бейтап саны да 10 миллион 467 431ге  жогорулады.  

Эпидемияда каза болгондордун саны 62 273, бейтап саны 3 миллион 425 000ге жеткен Россияда жаңы тип коронавирустун декабрь айында Британияда ортого чыккан жана дагы ылдам жайылган  түрүнө кездешилгендиги билдирилди.

Иранда Ковид  - 19дан акыркы 24 саатта 91 киши каза болуп жалпы каза болгондордун саны 56 262ге жогорулады. Өлкөдө ошол эле убакыттын ичинде вирус жугузган киши саны 6 208ге көбөйүп 1 миллион 292 000 болду. 

Ковид  - 19дан 551 киши каза болуп, 135 992 киши вирус жуктурган Малайзияда аял, үй  - бүлө жана коомдук өнүгүү министри Рина Мохд Харун да Ковид  - 19 вирусун жуктурду. Экономика министри Мустафа Мухаммед  кечээ Ковид  - 19  тестинин позитив чыккандыгынын жарыялап, ооруканада дарылангандыгын билдирген. Өткөн  жумада болгон кабинет жыйынында Мустафа менен жакын отурган атайын кызматтар министри Мохд Редсуан Мохд Юсуф менен коммуникация жана мултимедиа министри Сейфеддин Абдуллах да үй карантинине кирген.

Түштүк Африка Республикасында 24 саатта 339 кишинин каза болушу менен коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 33 163кө жогорулады. Өлкөдө бейтап саны да 1 миллион 231 597ге жетти.

Алжирде вирустан улам ушул кезге чейин 2 807 киши каза болуп, 102 144 киши да вирус жугузган. Президент Абдулмежид Теббун коронавирустан дарылануу үчүн Германияга барды.

Түштүк Кореяда акыркы 24 саатта 15 киши каза болду. Вирустан улам каза болгондордун жалпы саны 1 140ка жетти. Ошол эле убакыттын ичинде 451 жаңы учурдун аныкталышы менен вирус жуктургандардын жалпы саны 69 114кө жогорулады. Түштүк Кореяда күнүмдүк бейтап саны акыркы 41 күндүн эң төмөнкү деңгээлин көрсөттү.

Кытай улуттук саламаттык сактоо комиссиясы 24 саатта 103 кишиде вирустун аныкталгандыгын анын ичинен 18 кишинин өлкө тышынан келгендигин  жарыялады. Акыркы бир күндө вируска байланыштуу өлүм  - житим болбогон өлкөдө күнүмдүк бейтап саны 5 айдан кийин биринчи жолу 100дөн жогору болду. 

Япониянын борбор шаары Токиодогу Ханеда аэропортунда карантинге алынган 4 кишиде коронавирус аныкталды.Вируста мындан мурда Британия жана Түштүк Африкада аныкталган түрүнө окшогон окшоштуктардын бар экендиги белгиленди. 

24 343  киши вирустан каза болгон, 836 718 киши вирус жуктурган Индонезияда Синович фирмасына таандык Ковид  - 19  вакцинасынын чукул абалдарда колдонулушу бекитилди. Саламаттык сактоо министри Буди Гунади Садикин 5 -  январда берген билдирүүсүндө жалпы өлкөдө эмдөөнүн 14 -  январда башталарын жана оболу медицина кызматкерлерине берилерин билдирген. Садики өлкөдө 13 -  январда биринчи эмдөөнүн мамлекет башчысы Жоко Видодого берилери билдирилген. 

 



Тектеш кабарлар