Япония менен Бразилия Амазонка токойлорун коргойт

Бразилияга барган Япониянын тышкы иштер министри Мотеги Ташимицу кесиптеши Эрнесто Хенрике Фрага Араужу менен жолугушту.

1560310
Япония менен Бразилия Амазонка токойлорун коргойт

Япония менен Бразилия Амазонка токойлорундагы биологиялык ар түрдүүлүктү коргоону камтыган меморандумга кол коюшту.

Чет өлкөгө сапарынын алкагында Бразилияга барган Япониянын тышкы иштер министри Мотеги Ташимицу кесиптеши Эрнесто Хенрике Фрага Араужу менен жолугушту.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана санариптик экономика боюнча кызматташтыкты координациялоого басым жасалган жолугушууда, Амазонка токойлорундагы биологиялык ар түрдүүлүктү коргоону камтыган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Мотегини Бразилиянын президенти Жаир Мессиас Болсонаро да кабыл алды. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы өз ара коммерциялык инвестицияларды чыңдоо маселеси талкууланды.

Киодо агенттигинин маалыматына караганда, жолугушууда Бразилияда иш алып барган жапон компанияларынын инвестициялык чөйрөсүн жакшыртуу жана мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Мотеги корсонавируска (Ковид-19) байланыштуу июль айына жылдырылган Токио Олимпиадасы жана Паралимпиада оюндары үчүн Болсонаронун колдоосун алды.



Тектеш кабарлар