Япония менен Мексика макулдашты

Мехико шаарына барган Япониянын тышкы иштер министри Мотеги Ташимицу кесиптеши Марсело Эбрард менен жолугушту.

1558367
Япония менен Мексика макулдашты

Япония менен Мексика Транс Тынч океан өнөктөштүгү келишимин туруктуу жүзөгө ашыруу жана кеңейтүү жөнүндө макулдашты.

Мехико шаарына барган Япониянын тышкы иштер министри Мотеги Ташимицу кесиптеши Марсело Эбрард менен жолугушту.

Жолугушууда Мотеги эркин жана ачык экономикалык түзүмдү коргоону максат кылган Япония жана Мексика Транс Тынч океан өнөктөштүгүн  чыңдоо жана мүчөлүгүн кеңейтүү үчүн тыгыз кызматташууну каалай тургандыгын билдирди.

Эки тарап Түндүк Кореянын ядролук коркунучу жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу маселелер боюнча кызматташууну улантуу жөнүндө макулдашышты.

Экинчи жагынан, Мексиканын экономика министри Татьяна Клутье Каррилло менен жолугушкан Мотеги, Мексикада иштеп жаткан 1300гө жакын япон компаниясынын ишкердик чөйрөсүн жакшыртууну талап кылды.

Чет өлкөгө сапардын алкагында континенттеги Уругвай, Аргентина, Парагвай, Бразилияга сапар жасай турган Мотеги андан ары Африкадагы Нигерия жана Кенияга барат.



Тектеш кабарлар