Нигерия аскерлеринин санын көбөйтөт
Нигерия дагы көп аскер тартуу менен кылмыштуу уюмдарга каршы эффективдүү күрөшүүнү максаттап жатат.
1557623
Африка өлкөсү Нигерия 2021-жылы аскерлердин санын 8 миңге көбөйтүп террористтик жана кылмыштуу уюмдар менен натыйжалуу күрөшөт.
Нигерия армиясынын Сенат комитетинин төрагасы Али Ндуме кадимки шартта 4-6 миң аскер кызматкерин жумушка алууну пландаштыргандыктарын билдирип, дагы көп аскер тартуу менен кылмыштуу уюмдарга каршы эффективдүү күрөшүүнү максаттап жатышканын билдирди.
Жаңы пландын алкагында Борно аймагында Боко Харам террордук уюму менен күрөшүүгө бөлүнгөн бюджет да 25 пайызга көбөйтүлдү.
Тектеш кабарлар
Түркия Газада күн сайын 15 миң кишиге ысык тамак берип жатат
Түрк Кызылайы оор шарттарга карабастан ишмердүүлүгүн улантууда.