Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дагы деле коркунуч жаратууда.

1557424
Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
bogota hastane covid19.jpg
covid SPR ölüm.jpg
covid test.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 860 миң 600 адамды түздү. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 86 миллион 110 миңден, ал эми айыккандардын саны 61 миллион 60 миңден ашты.

Пандемиянын чордону Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан каза болгондордун саны 362 миң 123кө жетти. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 21 миллион 353 миң 51 деп катталды.

Британияда акыркы 24 саатта вирустун айынан 407 адам көз жумуп, 58 миң 784 жаңы учур катталды. Пандемияда каза болгондордун жалпы саны 75 миң 431 жана ооруну жуктургандардын саны 2 миллион 713 миң 563 болгон өлкөдө, коронавирустун жаңы түрүнө чалдыккандардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу үчүнчү жолу карантин жарыяланды. Премьер-министр Борис Жонсон элге кайрылуусунда илимпоздор бул түрдүн 50-70 пайызга көбүрөөк жугуштуу деп эсептээрин белгиледи. Карантиндин кийинки айдын ортосуна чейин уланышы пландалууда.

Франциядагы Ковид-19дан улам акыркы 24 саатта 380 адамдын каза болушу менен жалпы сан 65 миң 415ке жогорулады. Өлкөдө ушул эле мезгилде вирус аныкталган адамдардын саны 4 миң 22ге көбөйүп, 2 миллион 659 миң 750гө жетти. Мурунку саламаттык сактоо министри Ксавье Бертран президент Эммануэль Макронду вакцина өнөктүгүнүн жай жана ачык жүргүзүлбөгөндүгү үчүн сынга алды.

Ковид-19дан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири болгон Италияда 75 миң 680 адам вирустан көз жумду. Өлкөдө 2 миллион 166 миң 244 адам бул илдетке чалдыкты. Италияда Ковид-19 вакцинасын алгандардын саны 150 миңден ашты.

Ковид-19дан 2 миң 521 адам каза болуп, 188 миң 99 адамга жуккан Словакияда, Ковид-19дун Британияда мутацияланган тезирээк тараган түрү кездешти.

Бразилияда акыркы 24 саатта Ковид-19дан 543 кишинин өлүмү менен жалпы 196 миң 591 адам каза болду. Ушул эле мезгилде өлкөдө 20 миң 6 жаңы учур аныкталса, жуктуруп алгандардын саны 7 миллион 754 миң 560ка жетти.

Пандемияда 127 миң 757 адам каза болуп, 1 миллион 455 миң 219 адамда вирус аныкталган Мексикада өкмөт (Британиядагы)  Оксфорд университетинин AstraZeneca фармацевтикалык компаниясы менен биргеликте иштеп чыккан Ковид-19 вакцинасын чукул колдонууга уруксат берди.

Перуда ушул кезге чейин Ковид-19дан 37 миң 873 адам каза болуп, 1 миллион 21 миң 58 учур аныкталды. Өлкөдө коменданттык сааттын алкагы кеңейтилди. Ага ылайык вирустун жайылуу коркунучун азайтуу максатында бүгүнтөн баштап өлкө аймагына кирген жүргүнчүлөр 14 күн бою милдеттүү карантинде болушат.

Колумбияда ушул кезге чейин пандемиянын кесепетинен 44 миң 187 адам каза болуп, 1 миллион 686 миң 131 учур катталды. Борбор шаар Боготада жуктургандардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу буга чейин жарыяланган коменданттык сааттын масштабы кеңейтилди. Боготанын саламаттык сактоо катчылыгы шаарда коменданттык саат 17-январга чейин жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дөн 05:00гө чейин колдонуларын жарыялады.



Тектеш кабарлар