ДСУга Израилдеги туткундарды эмдөө чакырыгы салынды...

Палестиналык туткундар ассоциациясы Газа тилкесиндеги Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин (ICRC) имаратынын алдында маалымат жыйын өткөрдү.

1556835
ДСУга Израилдеги туткундарды эмдөө чакырыгы салынды...

Палестиналык туткундар ассоциациясы Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмун (ДСУ) Израилдин түрмөлөрүндөгү палестиналыктарды коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы эмдөөгө уруксат берүү үчүн Тель-Авив башкаруучулугуна кысым көрсөтүүгө үндөдү.

Палестиналык туткундар ассоциациясы Газа тилкесиндеги Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин (ICRC) имаратынын алдында маалымат жыйын өткөрдү.

Ислам Жихады Кыймылынын расмий өкүлү Ахмед аль-Муделлел Ассоциациянын атынан билдирүү жасады.

«Түрмөлөрдө Ковид-19 эпидемиясынын тез жайылышы камактагылардын жашоосу үчүн олуттуу коркуу жана тынчсыздануу жаратууда»,-деди ал.

Муделлел, эпидемияга байланыштуу Израилдин түрмөлөрүндөгү палестиналык туткундардын ден-соолугунун абалы коркунучта экендигин жана Израилдин палестиналык туткундарды эмдөөдөн баш тартканын белгилеп, Палестина администрациясынан «туткундар маселесин эл аралык аренага алып чыгууну» өтүндү.

Муделлел Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмун (ДСУ) «медициналык кийлигишүүгө жана вакциналарды түрмөлөрдө колдонууга уруксат берүү үчүн Израилге кысым көрсөтүүгө» үндөдү.

«Haaretz» гезитиндеги жаңылыктарда Израилдин Коомдук коопсуздук министри Амир Охана Израилдин түрмөлөрүндөгү Палестинанын «коопсуздук» туткундарына Ковид-19 вакцинасын бербөө боюнча тиешелүү мекемелерге көрсөтмө жөнөткөнү айтылган.

Ушул кезге чейин Израилдин түрмөлөрүндө 171 палестиналык туткунда Ковид-19 аныкталгандыгы жарыяланды.



Тектеш кабарлар