Дүйнө жүзүн тооруп алган коронавирус...

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 845 миң 440тан ашты.

1556545
Дүйнө жүзүн тооруп алган коронавирус...
covid SPR ölüm.jpg
covid SPR.jpg
covid 19.jpg
kovid covid korona corona
abd covid kovid.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 845 миң 440тан ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 85 миллион 70 миңден, ал эми айыккандардын саны 60 миллион 213 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан каза болгондордун саны 358 миң 704, ал эми жуктургандардын саны 20 миллион 906 миң болду. Өлкөнүн  Калифорния штатында 2 миллиондон ашуун адам вирусту жуктуруп алышкан жана Ковид-19 оорусу эң көп катталган штат болгон, ошондуктан сыйымдуулук сөөк коюу үйлөрүндө толуп калгандыктан кээ бир сөөктөрдүн кабыл алынбаганы маалымдалган.

Италияда Ковид-19дан каза болгон адамдардын саны 74 миң 985ке жетти. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 2 миллион 141 миңге чейин көбөйгөн.

Ковид-19 ылдамыраак жайылган түрү табылган Улуу Британияда каза болгондордун саны акыркы сутка ичинде 445ке көбөйүп, 74 миң 570ке жетти, ал эми жуктуруп алгандардын саны 57 миң 725ке көбөйүп, 2 млн 599 миң 789га жетти.

Францияда вирустан каза болгондордун саны 64 миң 921, ал эми жуктургандардын саны 2 миллион 643 миң болду.

Испанияда Ковид-19дан улам каза болгон адамдардын саны 50 миң 837 болду. Өлкөдө жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 936 миңге чейин көбөйгөн.

Германияда эпидемиялык жоготуу 34 миң 904кө, ал эми илдетке чалдыккандардын саны 1 миллион 775 миң 900гө жетти.

Индияда эпидемиядан улам жоготуулар 149 миң 538ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны 10 миллион 329 миң 971ге чейин көбөйдү. Өлкөдө коронавируска каршы Oxford-AstraZeneca тарабынан иштелип чыккан вакцина жана Индиянын Bharat Biotech компаниясы иштеп чыккан вакцина шашылыш түрдө колдонууга уруксат берилди.

Иранда Ковид-19дан улам каза болгон адамдардын саны акыркы суткада 102ге көбөйүп, 55 миң 540ка жетти. Өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны да ушул эле мезгилде 5 миң 960ка көбөйүп, 1 миллион 243 миң 434кө жетти.

Россияда Ковид-19дан каза болгондордун саны бир күндө 504кө көбөйүп, 58 миң 506га жетти, ал эми жуктуруп алгандардын саны ошол эле мезгилде 24 миң 150гө көбөйүп, 3 млн 236 миңге жетти. Саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко 800 миңден ашуун адам коронавирустун жаңы түрүнө каршы «Sputnik V» (GamKovidVak) дарысы менен эмделгенин билдирди.

Японияда, борбор Токионун жана анын тегерегиндеги Сайтама, Чиба жана Канагава штаттарынын губернаторлору жуктурган учурлар көбөйгөндүктөн өкмөттү өзгөчө кырдаал киргизүүгө чакырышты. Японияда вируска байланыштуу өлүмдөрдүн саны 3 миң 585ке, ал эми жуктуруп алгандардын саны 242 миң 768ге жетти.

Кытайда ушул кезге чейин вирустун айынан 4 миң 634 адам каза болуп, 87 миң 117 учур катталды. Кытайдын материк аймагында акыркы 24 сааттын ичинде 24 жаңы коронавирус оорусу аныкталды, анын 8и өлкөдөн чыккан. Өлкөдө табылган оорулардын 4 учуру Хейлунцян провинциясында, 2си Ляонин провинциясында, бирөөсү борбор Пекинде жана бирөөсү Хибейде кездешкен. Акыркы 24 саатта вирустун айынан адам өүлүмү катталган жок.

Түштүк Кореяда бир күндө 20 адам каза болуп, адам өлүмү 962ге жеткен. Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 657 учур аныкталып, ооруну жуктургандардын саны 63 миң 244тү түздү.

Ковид-19дан адамдардын өлүмү Түштүк Африкада 29 миң 175, Индонезияда 22 миң 734, Иракта 12 миң 829 жана Пакистанда 10 миң 311 болгон.

Кээ бир башка өлкөлөрдө Ковид-19дан каза болгондордун саны жана учурлар төмөнкүдөй:

Бразилия 195 миң 725/7 миллион 716 миң 405, Мексика 126 миң 851 / бир миллион 443 миң 544, Колумбия 43 миң 765 / бир миллион 666 миң 408, Аргентина 43 миң 375 / бир миллион 634 миң 834, Перу 37 миң 773 / бир 18 миң 99 миллион, Украина 18 миң 854 / бир миллион 74 миң 93, Чили 16 миң 724/615 миң 902.



Тектеш кабарлар