ТИКА Пакистанда үйсүздөр үчүн жай куруп берди

Борбор Исламабаддын Тарнол аймагында өткөрүлгөн ачылыш аземине көп сандаган жетекчилер катышты.

1556194
ТИКА Пакистанда үйсүздөр үчүн жай куруп берди
tika pakistan kimsesizler evi1.jpg
tika pakistan kimsesizler evi.jpg

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) тарабынан Пакистандагы муктаждыгы барларды акысыз жай менен камсыз кылуу максатында октябрь айында курула баштаган "Багар көрөрү жоктордун үйү" (Panahgah) ачылды.

Борбор Исламабаддын Тарнол аймагында өткөрүлгөн ачылыш аземине Пакистандын премьер-министри Имран Хан, Түркиянын Исламабаддагы элчиси Ихсан Мустафа Юрдакул, ТИКАнын Пакистандагы координатору Гөкхан Умут менен бирге көп сандаган жетекчилер катышты.

Имран Хан Панахгахка барып, түрк кызматкерлеринен маалымат алды.

Хан бул жердеги билдирүүсүндө, Түркиянын аларга болгон колдоосун ар дайым сезишкендиктерин айтты.

Хандын жакырчылыкты кыскартуу жана социалдык коргоо боюнча кеңешчиси Сания Ништар болсо Панахгах имаратынын эки өлкө ортосундагы достуктун маанилүү белгиси бойдон кала берерин айтты.

Түркиянын Исламабаддагы элчиси Юрдакул да өз билдирүүсүндө, ТИКАнын бул ишине сыймыктангандарын баса белгиледи.

TИKAнын Пакистандагы координатору Умут болсо Панахгах долбоорунун үй-жайсыз адамдарга арналганын, күнүмдүк 100 кишилик төшөк сыйымдуулугу бар экенин, 500 кишиге эртең менен жана кечинде ысык тамак бериле тургандыгын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар