Сириянын Африн районунда террордук кол салуу болду
Террордук кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда бир жаран каза болуп, 8 жаран жараланды.
1556205
Сириянын түндүгүндөгү Африн районуна караштуу Жиндерес аймагында бомбалуу унаа менен жасалган террордук кол салууда 1 жаран каза болуп, 8 жаран жараланды.
«Зайтун бутагы» операциясында террордон тазаланган Жиндересте нан бышыруучу жерге жакын бир унаага жайгаштырылган бомба жардырылды.
Террордук кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда бир жаран каза болуп, 8 жаран жараланды.
Жаралуулар аймактагы ооруканаларга алып барылды.