Ирактын Керкүк шаарында террордук кол салуу болду
Кол салууда бир аскер каза болду.
Ирактын Керкүк шаарынын Дакук районунун жакындарында террордук уюм ДЕАШтын жол жээгине жайгаштырылган бомбанын алыстан башкаруу менен жардырылып, бир Ирак аскери каза болуп, төрт аскер жараланды.
Керкүк полиция директорлугунун басма сөз катчысы Амир Нури шаардын түштүгүндөгү Дакук районуну жакындарында Ирак армиясына таандык бир аскердик унаа жолдон өтүп бара жаткан учурда бомбалуу кол салууга учурагандыгын айтты.
Кол салуунун террордук уюм ДЕАШ террористтери тарабынан жасалгандыгын белгилеген Нури кол салуунун натыйжасында бир Ирак аскеринин каза болгондугун, төрт аскердин жаралангандыгын айтты.
Кол салуудан кийин жарылуу болгон Дакук районунун жакындарында операциянын баштатылгандыгын айткан Нури операциянын райондун түштүгүндөгү элет жеринде да улантыларын белгиледи.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.