Түндүк Кореяда 1995 - жылдан бери алгачкы жолу жарандарга куттуктоо баракчасы жиберилди

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын куттуктоо баракчасында бул кыйын учурда  берген колдоосунан улам жана  башкарууга болгон ишениминен улам элине ыракмат айтты.

1555836
Түндүк Кореяда 1995 -  жылдан бери алгачкы жолу жарандарга куттуктоо баракчасы жиберилди

Түндүк Кореяда  1995 -  жылдан бери биринчи жолу өлкө лидеринен жарандарга жаңы жылдык куттуктоо баракчасы жиберилди.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өзү үчүн да  биринчи болгон бул куттуктоо баракчасында бул кыйын учурда  берген колдоосунан улам жана  башкарууга болгон ишениминен улам элине ыракмат айтты.

Расмий маалымат агенттиги KCNAнын билдиргенине караганда : «Элибиздин каалоолору чындык боло турган жаңы мезгилди эртелетүү үчүн иштейбиз»,- деген Ким  жыл сайын  1 -  январда телекөрсөтүүдө улутка кайрылуу сөзүн сүйлөчү. Бирок 2016 -  жылдан бери биринчи жолу  чогула турган Жумушчу партиясынын конгрессинен улам бул жылы мунун болбой тургандыгы айтылып жаткан.

Беш жылда бир өткөрүлүшү пландалган Конгресс партиянын эң негизги органы. Бирок 2016 -  жыл май айындагы акыркы жыйын 36 жылдан кийин болгон алгачкы конгресс болду жана жаңы түзүлгөн партиянын лидерлигине Ким шайланган.



Тектеш кабарлар