Британия Европа Биримдигинен расмий түрдө чыкты

Британиянын Брекситтен кийин башталган өткөөл процессинин акырына чыгышы менен Европа Биримдиги менен 50 жылга жакын тарыхый өнөктөштүгү акырына чыкты.

1555684
Британия Европа Биримдигинен  расмий түрдө чыкты

Британиянын Брекситтен кийин башталган өткөөл процессинин акырына чыгышы менен Европа Биримдиги менен 50 жылга жакын тарыхый өнөктөштүгү акырына чыкты.

Британиянын Европа Биримдигинен толугу менен чыгышы кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:00дө Биг Бен коңгуроосунун кагылышы менен жарыяланды.

Өлкөдө жаңы тип коронавируска карата чаралардан улам эч бир иш чара өткөрүлгөн жок.

1973 -  жылы Европа Биримдигине мүчө болгон жана 2020 -  жылы 31 -  январда Биримдиктен  чыкса да Брюссель эрежелерине баш ийүүнү уланткан Британия үчүн ушундайча жаңы бир мезгил башталды.

Эки тараптын ортосундагы соода, саякат, миграция, укук жана коопсуздук сыяктуу темаларда жаңы түзөтүүлөр ишке кирди.

Мындан кийин тараптар 30 -  декабрда кол коюлган эркин соода келишими боюнча соода карым  - катнаштарын улантат, Британия Европа Биримдиги сотторунун жоопкерчилик аянтынын тышында калат.

Британ экономикасында маанилүү орунду ээлеген банк жана тейлөө чөйрөсүндө эмне болоору белгисиз. Премьер - министр Борис Джонсон жаңы жылдык кайрылуусунда, Европа Биримдигинен чыгуу тууралуу : “Бул өлкө үчүн эң сонун учур. Биз эркиндигибизди алдык жана мүмкүн болушунча көбүрөөк пайдалануу биздин колубузда”,- деди.

Брексит процесси  Британияда 2016 -  жылы июнь айында болгон Европа Биримдиги референдумунда 48 пайызга каршы 52 пайыз менен Брексит  чечимин чыгарган.

Европа Биримдигинен 31 -  январда чыккан бирок өткөөл процессинен улам Европа Биримдиги өкмөттөрүнө шайкеш келүүгө мажбур болгон Британия Брюссель менен соода жана эки тараптуу карым  - катнаштар тууралуу кенен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан.

“Адилеттүү конкуренциянын болушу”, “Соода келишпестиктер кандай чечилет” жана “балыкчылык” сыяктуу кыйын маселелерде келишпестиктердин айынан созулган сүйлөшүүлөр, өткөөл процесстин акырына чыгышына 7 гана күн калганда жыйынтыкталды жана тараптар  келишимге 30 -  декабрда кол койду.



Тектеш кабарлар