Россия Европа Биримдигине жооп кайтарды

Европа Биримдигинин санкцияларына жооп иретинде Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган Германиянын жарандарынын тизмесин кеңейтүү чечими кабыл алынды.

1554498
Россия Европа Биримдигине жооп кайтарды

Россия Европа Биримдигинин (ЕБ) санкциялык чечимине жооп иретинде Германиянын айрым коопсуздук жана чалгындоо агенттиктеринин жогорку жетекчилерине өлкөгө кирүүгө тыюу салды.

Германиянын Бундестагы 2015-жылы ар кандай кибер чабуулдарга кабылып, мекеменин IT инфраструктурасы кыйраган болчу. Берлин администрациясы 2015-жылы Германиянын Бундестагына жасалган кибер чабуул боюнча Россияны күнөөлөгөн болчу.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, ЕБ Россияга каршы бир тараптуу жаңы санкциялар пакетине бул кырдаалды шылтоо катары колдонду. 2020-жылы 22-октябрда Европа Кеңеши Орусиянын эки жаранына жана орусиялык компанияга санкция салуу чечимин кабыл алган.

Европа Биримдигинин санкцияларына жооп иретинде Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган Германиянын жарандарынын тизмесин кеңейтүү чечими кабыл алынды.

Германиянын Коргоо министрлигинин тутумундагы коопсуздук жана чалгындоо кызматтарынын айрым жогорку даражалуу жетекчилери өлкөгө кирүүгө тыюу салынган тизмеге киргизилди.

Билдирүүдө санкциялар тизмесине киргизилген жетекчилердин аты-жөнү жазылган эмес.



Тектеш кабарлар