Сомалиде бомбалуу кол салуу болду
Сомалиде бир унаанын жолго жайгаштырылган минанын үстүнөн өтүшү менен чыккан жарылууда 7 киши каза болду.
1553788
Сомалиде бир унаанын жолго жайгаштырылган минанын үстүнөн өтүшү менен чыккан жарылууда 7 киши каза болду.
Сомали маалымат агенттиги СОННАнын кабарына караганда жарылуу Жуба аймагында Кисмайо менен Дхооблейдин ортосундагы жолдо болду.
Жарылууда 7 киши каза болуп, алардын ичинде 7 айлык бөбөктүн бар экендиги да маалымдалды. Кол салууну азырынча эч ким моюнга ала элек.
Террордук уюм Еш - Шебаб бат – бат коопсуздук күчтөрү менен жарандык отурукташуу жерлерин бутага алган кол салууларды аткарууда.