Ковид - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 1 миллион 772 220га жетти.

1553259
Ковид  - 19 : Чыгыш өлкөлөрү

Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 1 миллион 774 130 дан ашты.  Бейтап саны 81 миллион 244 000ден, айыккандардын саны 57 399 миллиондон жогорулады.

Иранда Ковид  - 19дан улам каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 121ге көбйөүп, жалпы каза болгондордун саны 54 814кө жетти. Өлкөдө ошол эле убакытта 5 908 жаңы учур катталып, бейтап саны 1 миллион 206 373кө жетти. 

Кытайда 4 634  киши каза болуп, 86 955 киши вирус жугузган. Борбор шаар Пекинде Ковид  - 19  бейтаптарынын санындагы көбөйүүдөн улам «чукул абал» жарыяланып, кээ бир райондорго кирип  - чыгуулар жабылды. Аймакта 92 лабораторияда 800 000 кишиге Ковид  - 19  тестинин жасалары билдирилди.

Акыркы 24 саатта Иорданияда эпидемиядан улам 29 кишинин каза болушу менен каза болгондордун саны 3 758ге жогорулады. Ошол эле убакытта билдирилген 1590 бейтап менен вирус жугузгандардын саны 287 946 болду. Саламаттык сактоо министри Назир Обеидат өлкөдө 2 кишиде Британияда чыккан коронавирустун мутацияга учураган түрүнүн аныкталгандыгын жарыялады.

Израиль Ковид  - 19 менен күрөшүүнүн негизинде кечээтен тарта эки жумалык карантинге кирди.  Карантиндин негизинде нан бышыруучу жерлер, даарыкана жана маркет сыяктуу ишканалардын тышында бардык жерлер жабылат, ресторандар пакет кызматын бере алышат. Саламаттык сактоо министри Юли Еделстеин өлкөдө акыркы бир жуманын ичинде 280 000 кишинин жаңы тип коронавирус эмдөөсү менен эмделгендигин жарыялады.

Жалпы Африка материгинде вирустан каза болгондордун саны 62 903кө, вирус жуктурган киши саны 2 миллион 678 22ге жогорулады. Ковид  - 19дан каза болгон 26 735 киши менен Түштүк Африка эң көп киши каза болгон өлкө катары катталды. Египетте 7 405, Мароккодо 7 240 киши каза болду. Сейшеллдерден ушул кезге чейин өлүм  - житим отчету берилген жок. Түштүк Африкада бейтап саны 1 миллион 4 413кө. Мароккодо 432 79га, Египетте 132 541ге чыкты.

Жаңы тип коронавирустан улам каза болгондордун саны Индияда 147 940ка, Россияда 54 778ге, Иранда 54 693кө, Түштүк Африкада 26 735ке, Индонезияда 21 237ге, Иракта 12 780ге, Сауд Арабияда 6 185ке жогорулады.

Индонезияда Ковид  - 19  мутациясына каршы көрүлгөн чаралардын негизинде 1 -  январдан тарта эл аралык каттамдар 2 жумага жабылат. 

455  киши эпидемиядан каза болгон, 106 690 киши вирус жуктурган Малайзияда борбор шаар Куала Лумпур  менен Сабах жана Селангор аймактарында 31 -  декабрда акырына чыга турган коменданттык сааттын киргизилиши 2021 -  жылдын 14 -  январына чейин узартылды. 

Японияда болсо  каза болгондордун саны 3 338ге, вирус жугузгандардын саны да 224 483кө жетти. Бардык өлкөлөрдөн өлкөгө бара турган жүргүнчүлөргө январь айынын акырына чейин каалгалар жабылды. Убактылуу чектөөдөн Түштүк Корея жана Таиланд болгон 10 өлкөдөн бара турган узун мөөнөттүү визалуу ишкерлер менен студенттер бул чектөөдөн таасирленбейт. Жекшемби күнү түндөн мурда виза алган жүргүнчүлөрдүн өлкөгө киришине уруксат берилүүдө. 

Ковид  - 19дан 1394 киши каза болуп, вирус жугузган киши саны 171 226 болгон Ливанда вируска каршы Pfizer/BioNTech вакцинасынан 2 миллион доза талап кылынды. 

 

 



Тектеш кабарлар