Грецияда качкын балдар жашаган лагерге кол салуу болду

Бул тууралуу грек басма сөзүндө маалыматтар орун алды.

1553039
Грецияда качкын балдар жашаган лагерге кол салуу болду

Грецияда багар көрөөрү жок качкын балдар жашаган лагерге расисттик кол салуу болду.

Грек басма сөзүндө жарыяланган маалыматтарга караганда, мурунку түнү колуна бычак, темир таяк жана таяктарды алып, Салоникиге жакын Ореокастро аймагындагы Чиркөөнүн колдоосу астында иштеп жаткан иммигранттар лагеринин алдына чогулган топ расисттик ураандарды чакырышты.

Андан соң лагерде балдар жайгашкан аймакка кирүүнү каалаган кол салуучуларды тегеректеги адамдар жана лагердин кызматкерлери тосуп калышкан.

Лагердин адвокаты Тодорис Караяннис прессага берген билдирүүсүндө, окуяга байланыштуу облустук прокуратурага кылмыш ишин козгой тургандыгын билдирди.

Ушул эле аймакта, 2016 жана 2017-жылдары, иммиграциялык лагерлерге каршы топтор уюштурган расисттик демонстрацияларда кеңири зомбулук окуялары болгон.



Тектеш кабарлар