Иранда кар көчкү болду
Кар күчкүдө каза болгондордун саны 6га жетти.
Ирандын борбор шаары Тегеранга караштуу Шемиранат районунда кечээ кечки сааттарда кар көчкү болуп, көчкүнүн астында калып каза болгондордун саны 6га жетти.
Ирандык студенттер маалымат агенттигинин билдиргенине караганда Иран Кызылайы жардам жана куткаруу мекемесинин төрагасы Мехди Велипур Тегерандын түндүк аймактарындагы кар жана кар бороонунан улам Шемиранат районунда болгон кар көчкүдө 6 кишинин жансыз денесинин табылгандыгын айтты.
Велипур окуяда эң аз 16 кишинин да жоголгондугун белгилеп, Иран Кызылайына караштуу издөө – куткаруу топторунун жоголгон кишилерди табуу үчүн ишин улантып жаткандыгын белгиледи.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.