Дональд Трамп Рождество майрамына карата куттуктоо жарыялады

Дональд Трамп Рождество куттуктоосунда саламаттык сактоо кызматкерлерине ыракмат айтып, бүткүл дүйнө үчүн тынчтык жана бейкуттук каалады.

1552243
Дональд Трамп Рождество майрамына карата куттуктоо жарыялады

АКШнын президенти Дональд Трамп Рождество куттуктоосунда саламаттык сактоо кызматкерлерине ыракмат айтып, бүткүл дүйнө үчүн тынчтык жана бейкуттук каалады.

Трамп жарыялаган жазуу түрүндөгү куттуктоосунда өзү жана жубайы Мелани Трамптын бардык америкалыктардын Рождество майрамын куттуктагандыгын билдирди.

Бул жылкы майрамдын өткөн жылдардан айырмалангандыгына көңүлдөрдү бурган Трамп : «Ошентсе да  жыл сайын болгондой пайгамбарыбыз Исанын туулган күнүн куттуктап жатабыз»,- деди.

Трамп бул жылы үй  - бүлөлөрүнүн жанында боло албаган Америка армиясынын аскерлерине да кызматтарынын улам ыракмат айтты.

Трамп куттуктоосунда : «Өзгөчө коомубузга кызмат кылуу жана аларды коргоо үчүн иштеп жаткан тез жардам кызматкерлерине, коопсуздук күчтөрүнө жана саламаттык сактоо кызматкерлерине да ыракмат айтамын»,- деди.

Куттуктоосунун акырында Трамп бүткүл дүйнөдөгү христиандарды Рождество майрамы менен куттуктады жана бүткүл дүйнө үчүн «тынчтык» жылы болушун каалады.



Тектеш кабарлар