Египетте Ихван Израиль менен калыбына келтирүү аракеттерин четке какты

Бириккен Арап Эмираттары жана Бахрейн 15 -  сентябрда Ак үйдө өткөн азем менен Израиль менен карым  - катнаштарын калыбына келтирүү келишимине кол койгон.

1551777
Египетте Ихван Израиль менен калыбына келтирүү аракеттерин четке какты

Египеттеги Мусулман Боордоштор Уюму Ихван Израиль менен бардык калыбына келтирүү демилгелерин четке каккандыгын билдирди. Ихвандан берилген маалыматта : «Аты эмне болсо болсун Израиль менен бардык калыбына келтирүү демилгелерин жана жолдорду четке кагабыз. Кимдин жасагагына же кимдин бул иштин ичинде болгонуна карбастан бул мамилебиз өзгөрбөйт»,- деп билдирилди.

Бул демилгелердин Израилдин мыйзамдаштырылышы жана палестиналыктардын мыйзамдарынын колунан алынышына мүмкүнчүлүк түзгөндүгү баса белгиленген маалыматта Ихвандын ондогон жылдардан бери бул мамилени ортого салган, ондогон расмий билдирүү бергендиги жана бүгүн муну кайрадан ачык түрдө жарыялагандыгы билдирилди.

Билдирүүдө Ихвандын Палестина калкынын акылуу доосун колдоо, борбор шаары Кудс болгон көз карандысыз мамлекетти куруу жана жерлерин эркиндештирүүгө карата колдоочу мамилесин уланткандыгы белгиленди.

Бириккен Арап Эмираттары жана Бахрейн 15 -  сентябрда Ак үйдө өткөн азем менен Израиль менен карым  - катнаштарын калыбына келтирүү келишимине кол койгон.

Бул эки өлкө 1979 -  жылы Египеттен, 1994 -  жылы да Иорданиядан кийин Израиль менен калыбына келтирүү келишимин түзгөн үчүнчү жана төртүнчү арап өлкөлөрү болгон.

Андан кийин Судан менен Марокко да бул калыбына келтирүү процессине кошулган.



Тектеш кабарлар