Трамп АКШнын мекемелерине жасалган кибер чабуулдардын артында Кытай турушу мүмкүн экенин билдирди

Трамп өзүнүн Твиттердеги аккаунтундагы билдирүүсүндө расмий мекемелерге жасалган кибер чабуулдар жөнүндө толук маалымат алгандыгын белгиледи.

1548581
Трамп АКШнын мекемелерине жасалган кибер чабуулдардын артында Кытай турушу мүмкүн экенин билдирди

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Дональд Трамп анын өлкөсүнүн көптөгөн мекемелерине жасалган кибер чабуулдардын артында Кытай турушу мүмкүн экенин билдирди.

Трамп өзүнүн Твиттердеги аккаунтундагы билдирүүсүндө расмий мекемелерге жасалган кибер чабуулдар жөнүндө толук маалымат алгандыгын белгилеп,«Кибер чабуул чындыгында фейк маалымат каражаттарында болгондон алда канча чоңураак»,-деп жазды.

Баары көзөмөлүндө экендигин билдирген Трамп: «Россия, Россия, Россия. Бир нерсе болсо эле эң биринчи айтылып чыккан ушул. Анткени жалпыга маалымдоо каражаттары көбүнчө каржылык себептерден улам Кытай (кол салуулардын артында) болушу мүмкүндүгүн талкуулоодон коркушат (мүмкүн!)»,деген өзүнүн билдирүүлөрүн бөлүштү.

3-ноябрдагы президенттик шайлоодо таң калыштуу добуш берүүчү машиналар да бутага алынган болушу мүмкүн экендигин белгилеген Трамп: «Бул (шайлоо) АКШ үчүн ого бетер коррупциялык уят болуп калгандыгын жана мен жеңип жатканымды айгинелеп турат»,-деп доо койду.

Трамптын Твиттердеги бөлүшүүсү, анын кабинетиндеги кибер чабуул боюнча жогорку деңгээлдеги билдирүүлөргө карама-каршы келет деп бааланган.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео жума күнү кечинде болгон радиоберүүлөрдө АКШга каршы кибер чабуулдардын артында Орусия турат деп айта алабыз деген болчу.

Өткөн дем алыш күндөрү АКШнын Каржы министрлиги, Соода жана Улуттук коопсуздук министрликтерине жана айрым өкмөттүк уюмдарга карай кибер чабуулдар болуп, бул кол салуулардын артында Россия бийлиги тургандыгы айтылган.

 



Тектеш кабарлар