ДСУ Ковид-19дун мутациясы боюнча Англия бийлиги менен тыгыз байланышта...

Вирустун жаңы штаммынын мүнөздөмөлөрү жана мүмкүн болуучу кесепеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат болгондон кийин ДСУга мүчө 194 мамлекетке маалымдалат.

1548627
ДСУ Ковид-19дун мутациясы боюнча Англия бийлиги менен тыгыз байланышта...

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму (ДСУ) Британиянын бийлиги менен тезирээк жайылганы айтылган коронавирустун жаңы түрүнүн (Kovid-19) мутациясы боюнча тыгыз байланышта экендигин жарыялады.

ДСУнун билдирүүсүнө ылайык, жаңы типтеги Ковид-19 боюнча жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн маалыматтары, натыйжалары жана анализдери британ бийликтери менен бөлүшүлөт.

Вирустун жаңы штаммынын мүнөздөмөлөрү жана мүмкүн болуучу кесепеттери жөнүндө көбүрөөк маалымат болгондон кийин ДСУга мүчө 194 мамлекетке маалымдалат.

Англиянын түштүк-чыгышында жаңы, тез жайылуучу Ковид-19 түрү табылды.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана бир топ илимпоздор сөз болуп жаткан штамм 70 пайызга көбүрөөк жугуштуу экендигин билдиришти.



Тектеш кабарлар