СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дагы деле жайылып жатат.

1547584
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
super covid19
covid SPR ölüm.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 1 миллион 668 миңден ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 75 миллион 283 миңден, ал эми айыккандардын саны 52 миллион 853 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында Ковид-19дун айынан 317 миң 928 адам көз жумду. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 17 миллион 626 миң 770 деп катталды.

Италияда акыркы 24 саатта 683 кишинин өлүмү менен пандемиядан каза тапкандардын саны 67 миң 220га жетти. Ооруга чалдыккан адамдардын саны болсо 18 миң 236га көбөйүп 1 миллион 906 миң 377ни түздү. Премьер-министр Жузеппе Контенин коалиция өнөктөштөрү жана аймактык администраторлор менен биргеликте, өлкөнү "кызыл аймак" деп жарыялоону көздөгөн 24-27-декабрь менен 31-январдан 3-январга чейин бүтүндөй өлкөдө эркин жүрүүнү чектей турган чараларды карап чыкканы белгиленди.

Францияда пандемиянын кесепетинен 59 миң 619 адам каза болду. Вирус аныкталган адамдардын саны болсо 2 миллион 427 миң 316ге жетти. Саламаттык сактоо министри Оливье Веран, тесттинен вирус табылган президент Эммануэль Макрондун Ковид-19ду 10-11-декабрда Бельгиянын Брюссель шаарында өткөн Европа Биримдигинин (ЕБ) лидерлеринин саммитинде жугузуп алышы мүмкүн деп билдирди.

Берки айрым өлкөлөрдө Ковид-19дан каза болгондордун саны төмөнкүчө:

"Бразилия (184 миң 876), Мексика (116 миң 487), Англия (66 миң 52), Испания (48 миң 777), Аргентина (41 миң 534), Колумбия (39 миң 787), Перу (36 миң 901), Германия (25 миң 165), Польша (24 миң 345), Бельгия (18 миң 371), Чили (16 миң 7), Украина (15 миң 996), Румыния (13 миң 969), Эквадор (13 миң 932), Канада (13 миң 916), Нидерландия (10 миң 321) жана Чехия (10 миң 36) "



Тектеш кабарлар