Байдендин ички иштер министри жергиликтүү америкалык Дебра Хааланд болот

Байден Ички иштер министрлигинин кызмат ордуна Дебра Хааландды тандады.

1547794
Байдендин ички иштер министри жергиликтүү америкалык Дебра Хааланд болот

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) 3-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Жо Байдендин, Нью-Мексико штатынан Өкүлдөр палатасынын мүчөсү демократ Дебра Хааландды ички иштер министринин кызмат ордуна дайындай турганы маалым болду.

АКШ басма сөзүндө жарыяланган маалыматтарга караганда, Байден Ички иштер министрлигинин кызмат ордуна Дебра Хааландды тандады.

Эгерде Хааланд Сенатта бекитилсе өлкөнүн тарыхындагы биринчи жергиликтүү министр болуп калат.

Мичиган штатынын мурдагы губернатору Женнифер Гранхолмду Энергетика министрлигине алып келүүнү каалаган Байден, ошондой эле Түндүк Каролина штатындагы экология департаментинен Майкл Реганды АКШнын экологияны коргоо агенттигинин (EPA) башчысы кылып дайындайт.



Тектеш кабарлар