Россияда Google компаниясына 3 миллион рубль айып пул салынды

Россиянын Федералдык Маалыматтык технологиялар жана массалык коммуникацияны көзөмөлдөө органы (Роскомнадзор) тарабынан Google компаниясына каршы козголгон иш Москвадагы Таганский сотунда каралды.

1547238
Россияда Google компаниясына 3 миллион рубль айып пул салынды

Россиянын борбору Москва шаарынын соту административдик укук бузгандыгы үчүн Google компаниясына 3 миллион рубль айып пул салды.

Россиянын Федералдык Маалыматтык технологиялар жана массалык коммуникацияны көзөмөлдөө органы (Роскомнадзор) тарабынан Google компаниясына каршы козголгон иш Москвадагы Таганский сотунда каралды.

Сот Россиянын аймагында тыюу салынган сайттар Google издөө тутумунун натыйжаларында пайда болгондугуна байланыштуу компания мыйзамдарды сактабайт деп чечип, Google компаниясына 3 миллион рубль (болжол менен 42 миң доллар) айып пул салган.

Буга чейин Google буга окшогон иштердин натыйжасында Россияда 500 миң жана 700 миң рубль айып пул төлөгөн болчу.



Тектеш кабарлар