Батыш өлкөлөрүндө соңку Ковид-19 көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 1 миллион 612 миң 931ден ашты.

1544523
Батыш өлкөлөрүндө соңку Ковид-19 көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 1 миллион 612 миң 931ден ашты. Жуктуруп алгандардын саны 72 миллион 171 миңден, ал эми айыккандардын саны 50 миллион 542 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан улам каза болгон адамдардын саны 305 миң 82ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны 16 миллион 549 миңге жетти. Ошол эле учурда, өлкөдө Pfizer коронавирус вакциналарын таркатуу иштери башталды. «Биринчи вакцина 24 саатка жетпеген убакыттын ичинде берилет» деди президент Дональд Трамп. Ошондой эле Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору Pfizer жана BioNTech тарабынан иштелип чыккан коронавирустук вакцинанын жаңы түрүн колдонуу боюнча сунуштарын берди.

Англияда вирустун айынан адамдардын өлүмү 64 миң 26га чейин көбөйдү. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 1 миллион 830 миңди түздү. Өлкөдө эң көп учурлар байкалган борбор калаа Лондондогу көчөлөрдө көңүл ачуу үчүн чогулган элдин коронавирустун жаңы түрүнө каршы чараларга ылайык келбей турганы белгиленди.

Италияда Ковид-19дан каза болгон адамдардын саны 64 миң 36, ал эми жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 825 миң болду.

Францияда Ковид-19дан улам каза болгондордун саны 57 761ге жеткен. Вирус аныкталган адамдардын саны 2 миллион 365 миңге чейин көбөйгөн.



Тектеш кабарлар