Украинанын тышкы иштер министри Дмитро Кулеба БУУун чечимине баа берди

Украинанын тышкы иштер министри Дмитро Кулеба БУУнун Крым тууралуу чыгарган чечимдин Россияга каршы күчөгөн укуктук кысым үчүн жаңы бир элемент болорун белгиледи.

1541574

Укрианын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Кулеба бул чечим тууралуу баа берди. Кулеба БУУ тарабынан үч жыл бири биринин артынан ушуга окшогон чечимдердин чыгарылгандыгын белгилеп : «Чечим Россияга каршы күч алган укуктук кысым үчүн жаңы бир элемент болот»,- деди.

Кулеба чечимдин Россия аннекция кылган Крымды аскерлештирүүсү эл аралык коомдун күн тартибинде экендигин көрсөткөнүн белгиледи.

Чечимде Крымдын жана Севастополь шаарынын Россия тарабынан аннекцияланышынын айыпталгандыгын эскерткен Кулеба чечимдин БУУ мүчөлөрүнө жана эл аралык уюмдарга : «БУУ менен кызматташуу түзүшү жана мүмкүн болгон эң кыска убакытта Россиянын Крымды оккупациялоосун акырына чыгаруу аракеттеринин колдоого алынышы» чакыруусуна көңүлдөрдү бурду.

БУУнун Башкы Ассамблеясында Россияны Крымдагы бардык аскер күчтөрүн тезирээк чыгарып кетүүгө жана "Украинанын аймагындагы убактылуу оккупациясын токтотууга" чакырган чечим кабыл алынган.

Тектеш кабарлар