Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери чогулушту

Саммиттен мурда Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин да лидерлердин талкуусуна багыт бере турган алкакты бүгүнкү жыйында белгилеши пландалууда.

1541122
Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери чогулушту

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери 10 – 11 -  декабрда боло турган Европа Биримдигинин лидерлер саммитинен мурда Түркия менен карым  - катнаштар да ичинде болгон кенен күн тартип менен жолугушту.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги жыйында расмий күн тарип беренелерин Грузияда шайлоодон кийинки абал, Венесуэлада мыйзам чыгаруу парламентин  шайлоо, АКШдагы президенттик шайлоого байланыштуу пикир алышуулар, Европа Биримдигинин адам укуктарына байланыштуу санкция механизми, Гонконгдо жаңы коопсуздук мыйзамы алып келген жыйынтыктар, Европа Биримдигинин стратегиялык автономиялуулугу жана Түркия тууралуу абалдар түзүүдө.

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн 1 -  октябрда өткөргөн саммитте чыгарылган чечим боюнча Европа Биримдиги  -  Түркия карым – катнаштары тууралуу сүйлөшүүлөрдүн 10 -  декабрда баштала турган саммит жыйынында каралышы күтүлүүдө.

Саммиттен мурда Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин да лидерлердин талкуусуна багыт бере турган алкакты бүгүнкү жыйында белгилеши пландалууда.



Тектеш кабарлар