Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Ковид - 19дун таасири али да улантылууда.

1540948
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны  1  миллион 544 000ден  ашты. Бейтап саны 67 миллион 541 000ден, айыккандардын саны 46 миллион 717 000ден жогорулады.

Индияда 402 киши дагы вирустан каза болду. Ушундайча өлкөдө Ковид  - 19дан каза болгондордун жалпы саны 140 782ге жетти. Акыркы 24 саатта 32 981 жаңы учур катталды жана вирус жуккан киши саны 9 миллион 689 000ге чыкты.

Иранда акыркы 24 саатта 284 кишинин каза болушу менен жалпы каза болгондордун саны 50 594кө, вирус жугузгандардын саны да 10 827ге көбөйүп, 1 миллион 51 374 болду. 

Газада Ковид  - 19дан улам 139 киши каза болду. 25 121  кишиде вирус аныкталды. Аймакта коронавирус тесттери жасалган Борбордук лабораториясы  тест материалдарынын түгөнүшүнөн улам тейлей албай калды.

Ковид  -19дан 3 561 киши каза болгон Тунисте вирус менен күрөшүүнүн негизинде түнү көчөгө чыгууга тыюу салуу 2021 -  жылдын март айына чейин узартылды.

Кыйтада вирустан 4 634 киши каза болуп, акыркы 24 саатта 15 жаңы учур катталды. Алардын ичинен үчөөсү өлкө тышынан келген кишилер болгон. Ал эми вирустан улам өлүм  - житим болгон эмес, бейтап саны болсо 86 634кө жогорулады.

Түштүк Кореяда акыркы 24 саатта 4 киши вирустан улас каза болуп, жалпы каза болгондордун саны 549га, жетти. Бейтап саны 38 161 болду. 

17 740 киши коронавирустан улам каза болгон Индонезияда мамлекет башчысы Жоко Видодо кытайлык дары фирмасы Sinovac Biotech тарабынан чыгарылган "CoronaVac" аттуу вакцинадан 1,2 миллион дозаны камтыган биринчи дары өткөрүүнүн ишке ашкандыгын белгиледи. Видодо жалпы эмдөө иштеринин негизинде келерки айдын башына чейин 1,8 миллион доза дагы алууну пландашкандарын белгилеп, эмдөө процессинин качан башталары тууралуу так күн берген жок.

Африка материгинде  эпидемиядан улам каза болгондордун саны 306га көбөйүп  53 961ге жогорулады. Жалпы материкте вирус жуккан киши саны 276 574кө жетти. Түштүк Африкада 22 206 киши каза болуп, эң көп киши каза болгон өлкө катары катталды. Египетте 6 771, Мароккодо 6 245 киши каза болду.



Тектеш кабарлар