Трамп Сомалидеги америкалык аскерлердин көпчүлүгүн чыгарып кетүүгө буйрук берди

АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) Трамптын буйругуна байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1539898
Трамп Сомалидеги америкалык аскерлердин көпчүлүгүн чыгарып кетүүгө буйрук берди

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Дональд Трамп Сомалидеги америкалык аскерлердин көпчүлүгүн 2021-жылдын башына чейин чыгарып кетүүгө буйрук берди.

АКШнын Коргоо министрлиги (Пентагон) Трамптын буйругуна байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

Билдирүүдө: «Президент Трамп Коргоо министрлигине жана АКШнын Африка командачылыгына Сомалидеги аскер кызматкерлеринин көпчүлүгүн 2021-жылдын башына чейин кайрадан жайгаштырууга буйрук берди» деген сөздөр камтылды.

АКШнын Сомалиде болжол менен 700 жоокери бар экени белгиленип, аскерлерди чыгарып кетүү графигинин чоо-жайы коопсуздук максатында ачыкталган жок.

Экинчи жагынан «Wall Street Journal» гезити Сомалиден чыгарыла турган аскерлердин айрымдары Кения жана Жибутидеги базаларга которулушу мүмкүн экенин жазып чыкты.

АКШнын президенти Трамп шайлоо алдындагы билдирүүлөрүндө Афганистан, Ирак жана Сомалидеги америкалык аскерлердин саны кыскарат деп айткан эле.  



Тектеш кабарлар