Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны арбын.

1540014
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

 Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 1  миллион 527  545тен жогорулады. Бейтап саны 66 миллион 383 000ден, айыккандардын саны 45 миллион 962 000ден ашты.

Индияда Ковид  - 19дан улам каза болгондордун саны 139 745ке жогорулады. Өлкөдө бейтап саны 9 миллион 609 574кө чыкты.

Иранда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 49 695ке, вирус жуккан киши саны 1 миллион 16 835ке жогорулады. Президент Хасан Рухани коронавирус менен күрөшүүнүн негизинде тшке ашырылган 15 күндүк чектөөлөрдүн чоң маселелер менен бетме  - бет келүүнүн жолун тоскондугун айтты. Рухани мындан кийин да керектүү чектөөлөрдүн ишке ашырыларын белгиледи. 

Коронавирустан 42 684 киши каза болуп, бейтап саны 2 миллион 431 731ге жеткен Россияда борбор шаар Москвада Ковид  - 19га каршы топ түрүндө эмдөө башталды. Оболу коркунуч астындагы группадагы 18 - 60 жаштагы жарандардын жана саламаттык сактоо кызматкрелери, мугалимдерменен социалдык тармакта кызмат кылган мекемелердин кызматкерлеринин эмделери билдирилди. 

Японияда  коронавирустан 2 240 киши каза болуп, 155 232 бейтап катталды. Премьер  - министр Суга Йошихиде Ковид  - 19дан улам көбөйгөн оор бейтап саны жана азайган орундук көлөмүнө каршы "кризис мезгили" түшүнүгү менен кийлишерин айтты. 

Жалпы Африкада акыркы бир күндө эпидемиядан каза болгондордун саны 375ке көбөйүп, 53 368ге жогорулады. Жалпы материкте вирус жуккан киши саны 16 365ке көбөйүп, 2 миллион 248 159 болду. Түштүк Африкада 24 963 киши каза болуп жалпы Африка материгиндеги киши эң көп каза болгон өлкө болду. Египетте 6 732, Мароккодо болсо 6 136 киши каза болду.



Тектеш кабарлар