Дональд Трамп : "Байдендин президенттиги бекитиле турган болсо Ак үйдөн кетем"

АКШнын президенти Дональд Трам тандоочу кеңештин  Жо Байдендин президенттигин беките турган болсо мунун жаңылыш бир кадам болорун бирок ошентсе да Ак үйдөн кетерин айтты.

1535499
Дональд Трамп : "Байдендин президенттиги бекитиле турган болсо Ак үйдөн кетем"

АКШнын президенти Дональд Трам тандоочу кеңештин  Жо Байдендин президенттигин беките турган болсо мунун жаңылыш бир кадам болорун бирок ошентсе да Ак үйдөн кетерин айтты.

Трамп Ак үйдө Ыраазычылык күнүнөн улам өлкө тышында кызмат кылган Америка аскерлери менен өткөргөн видеоконференциядан кийин маалымат берди.

Жоржияда экинчи турга калган жана сенаттын көзөмөлүнүн республикачылдарда же демократтарда болорун белгилей турган шайлоого токтолгон Трамп республикачыл сенатор талапкерлери үчүн ишемби күнү Жоржияда митинг өткөрөрүн жарыялады.

Трамп шайлоодо демократтардын көз боёмочулук кылгандыгын жана негизги жеңишке жетишкен өздөрү болгонун дагы бир жолу кайталап : «Мен билген бир чындык бар ал да Жо Байдендин 80 миллион добуш албагандыгы. Айрыкча Байден Барак Обаманын рекордуна жете алган жок»,- деди.

Өлкөдө шайлоо жыйынтыктарын белгилеген тандоочу кеңештин ийгиликке жетишкендин Байден экендигин  беките турган болсо кызматын таштап же таштабай тургандыгы тууралуу берилген суроого : «Шайлоо жыйынтыктарын кабыл алуу кыйын анткени ортодо абдан чоң мыйзамсыздык бар. Тандоочу кеңеш Байдендин президенттигин беките турган болсо жаңылыш кылган болот бирок албетте Ак үйдөн кетем муну билесиңер»,- деп жооп берди Трамп.

Трамп шайлоодо демократтардын мыйзамсыздык кылганы тууралуу катуу тургандыгын белгилеп : «Шайлоо системасы инфраструктурасында үчүнчү дүйнө өлкөсүндөй болуп калдык»,- деди.

Жо Байдендин президенттиги тактала турган болсо 20 -  январдагы кызматын баштоо аземине катышып же катышпай тургандыгы тууралуу суроого : «Мунун жообун билем бирок азыр эч нерсе айтпайм»,- деди.



Тектеш кабарлар