Мексикада топ кишилер көмүлгөн мазардан 103 сөөк табылды
Мексиканын батышындагы Халиско штатында топ кишилер көмүлгөн мазар табылды.
Мексиканын батышындагы Халиско штатында топ кишилер көмүлгөн мазар табылды.
Өлкөнүн массалык маалымат каражаттарында чыккан кабарларга караганда штаттын прокурорлугунан берилген маалыматта Халиского караштуу Ел Салто шаарындагы бир аянтта жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө топ кишилер көмүлгөн мазарда 103 сөөктүн аныкталгандыгы белгиленди.
Сөөктөр боюнча жүргүзүлгөн алгачкы иликтөөлөрдө 30 кишинин анын ичинен эки аялдын күбөлүгү үй - бүлөлөрү тарабынан аныкталды. Калган сөөктөр боюнча аныктоо иштери улантылууда.
Мексиканын ички иштер министрлиги Улуттук изилдөө комиссиясынын октябрь айында жарыялаган отчетуна караганда Халискодо 2006 – 2020 – жылдардын арасында болгон казууларда табылган жашыруун мазарлардан 897 сөөк аныкталды.
Жалп өлкөдө 2006 - жылдан бери жүргүзүлгөн казууларда 4092 жашыруун мазардан жалпы 6900 кишиге таандык сөөк чыгарылды.
Тектеш кабарлар
Түштүк Африкада катуу шамал: 19 киши каза болду
Өлкөнүн түштүк жана чыгыш аймактары катуу шамалдан таасирленди.