Дерада 98 киши кыйноо менен өлтүрүлдү
2018 - жылы жарыяланган ок атышпоодон пайдалануу үчүн режимге кайрылган ондогон дералыктын камоого алынуусу да улантылууда.
Сирия режими Россиянын арачылыгы менен аскердик оппозициячылдар менен 2018 - жылы түзгөн Дера келишимин бузуп, бул жерде акыркы эки жылда 98 кишини кыйноо менен өлтүрдү.
Араларында Сирия жарандык согушунун башталышы менен Асад режиминин армиясынан кеткен 40ка жакын мурунку аскер да болгон 98 киши келишимде орун алган «элдешүү» укугунан пайдаланууну талап кылып жатып камоого алынып, кыйноо менен өлтүрүлдү.
2018 - жылы жарыяланган ок атышпоодон пайдалануу үчүн режимге кайрылган ондогон дералыктын камоого алынуусу да улантылууда.
Режим жана колдоочулары Россиянын абадан колдоосу менен 2018 - жылы июнь айында оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Дерага аскердик операция баштаткан. Россия жана аскердик оппозициячылдар 2018 - жылы 6 - июлда Сириянын түштүгүндөгү аймактарды камтый турган туруктуу ок атышпоо келишими боюнча макулдашуу болгон.
Келишимде режим менен макулдашууну каалаган мурунку аскер жана жарандардын «амнистия укугунан» пайдаланары тууралуу беренеси да орун алган.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.