Афганистанда абадан кол салуу болду

Кол салууда 8 киши каза болуп, 31 киши жараланды.

1531784
Афганистанда абадан кол салуу болду

Афганистандын борбор шаары Кабулдун кээ бир отурукташуу жерлерине абадан кол салуу болуп,  8 киши каза каза болду.

Ички иштер министрлигинин катчысы Тарык Арян эрте мененки саатарда болгон кол салууда шаар борборунда түрдүү райондорго 23 миномет снаряды келип түшкөндүгүн белгиледи.

8 киши каза болуп, 31 киши жараланган кол салууну азырынча эч ким моюнга ала элек.

Талибан берген маалыматында кол салуунун жоопкерчилигин четке какты.

Кабулда 24 -  октябрда бир билим берүү борборуна, 2 -  ноябрда Кабул университетине жасалган бомбалуу жана куралдуу кол салууда 50дөн ашуун киши каза болгон. Бул кол салуулардын жоопкерчилигин террордук уюм ДЕАШ менен байланыштуу топтор алган.

Кол салуулар афган өкмөтү менен Талибан өкүлдөрүнүн ортосунда АКШнын арачылыгында Катардын борбор шаары Дохада жүргүзүлгөн тынчтык сүйлөшүүлөрү болуп жаткан мезгилге туш келди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун бүгүн Катарга жасай турган сапарында тараптарга зомбулуктун азайтылышына карата чараларды көрүүгө чакыруусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар