Ковид - 19 : Чыгыш өлкөлөрү
Индияда каза болгондордун саны 132 223кө жетип, вирус жугузган киши саны 9 миллион 6000 болду.
Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 1 миллион 367 440тан ашты. Бейтап саны 57 миллион 326 000ден, айыккандардын саны 39 миллион 805 000ден жогорулады.
Индияда каза болгондордун саны 132 223кө жетип, вирус жугузган киши саны 9 миллион 6000 болду.
Россияда коронавирустан каза болгондордун саны 35 311ге жеткен болсо вирус жугузгандардын саны да 2 миллион 39 000ге жетти.
Иранда Ковид - 19дан каза болгондордун саны 43 417ге, вирус жугузгандардын саны да 815 117ге жогорулады.
Ковид - 19дан улам 1912 киши каза болгон, бейтап саны 122 966га жеткен Японияда борбор шаар Токиодо вируска каршы эскертүү деңгээли «жайылып баратат» деген эскертүү 4 - деңгээлге чыгарылды.
Африка материгинде эпидемиядан улам каза болгондордун саны 273кө көбөйүп жалпы саны 48 875ке жетти. Материкте вирус жуккан киши саны 24 саатта 13 849га көбөйүп 2 миллион 40 542 жогорулады. Ковид - 19дан 20 миң 671 киши каза болгон Түштүк Африка эң көп киши каза болгон өлкө катары катталды. Египетте 6 508, Мароккодо болсо 5090 киши каза болду.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.